Өзүңдү эңсейм

Artist: Кенже Дүйшеева (Кыргыз тили)
User: inash azim инаш азим
Duration: 130 seconds
Delay: 12 seconds
Chord names: Not defined
Abusive:
Comment:
Плеймаркеттен "Песни под гитару Rus"
программасын орнотуп алыңыздар,
бул ырлар ошол программага киргизилген.
(Бул саптар издөө системалары аркылуу
табуу үчүн кошулду: Кыргыз, кыргызча ыр,
ырлар, ырлары, гитара менен, ырларынын,
тексти, сөздөрү, ырлардын аккорддору,
акорддор, аккорд, аккорду, акорду, акорд,
акорддору, гитарада, аккорддор, сөзү,
сөздөр, текст, тексттери,
аккорды на кыргызские, киргизские,
кыргызских, киргизских песен, тексты,
слова на кыргызском, киргизском, гитаре)

URL

Uploaded:
May 20, 2023, 12:25 PM
Get it on Google Play

Text

Баррэси жок,  Am-ля минордо ойноо,
оригиналына түшүү үчүн каподастрды
III-ладка тагыш керек.
 Am  F   Dm    E   - Am  F   Dm    E 

 Am                                E 
Сүйгөнүңө ишенгенмин, ишенгенмин берилип,
 E                                     Am 
Кызганчу элем башкалардан, башкалардан теригип.
 Am                                    E 
Көрбөй калсам бир мүнөткө, бир мүнөткө өзүңдү,
 E                                      Am 
Бүткүл жашоом токтогондой, токтогондой сезилип.

[Кайырма]
 Am                     E 
Эркелетип саамайымдан сылаган,
 Dm              G        C      E 
Күндөрдү эңсейм менден алыс узаган.
 Am                              E 
Өзүңдү эңсейм, арман, ай, аттиң, арман,
 Dm          Am        F   E   Am 
Чыкчу күнүм бар бекен бир кумардан?

Махабаттын жазын билбей, жазын билбей өмүрүм,
Тетир баскан караңгыдай, караңгыдай көңүлүм.
Миң мертебе суроо салам, суроо салам өзүмө,
Чын-жалганын билбей айткан сөзүңдүн.

[Кайырма]

Азап салып койсоң деле, койсоң деле башыма,
Ал күндөрдү эстейм дайым, эңсейм дайым сагына.
Мен сүйүүмдүн жоготсом да, жоготсом да ачкычын,
Ыраазымын бир өзүңдүн, бир өзүңдүн барына.

Comments