Сезим ыргактары

Artist: "Жаш Кыял" тобу (Кыргыз тили)
User: inash azim инаш азим
Duration: 130 seconds
Delay: 12 seconds
Chord names: Not defined
Abusive:
Comment:
Бул саптар издөө системалары аркылуу
табуу үчүн кошулду: Кыргыз, кыргызча ыр, ырлар,
ырлары, гитара менен, ырларынын, тексти, сөздөрү,
ырлардын аккорддору, акорддору, гитарада,
аккорды на кыргызские, киргизские,
кыргызских, киргизских песен,
на кыргызском, киргизском, гитаре

URL

Uploaded:
March 27, 2023, 9:52 PM
Get it on Google Play

Text

 Gm  Eb  F  Bb 

  Gm              Eb 
Көктө турган жылдыз сымал,
   F         Bb 
Көрүнгөндө көзүмө,
   Gm            Eb 
Өчпөй жанган нуруң болуп,
    F         Bb 
Бергим келди өзүңө,
Гүлдөгөн тоо гүлү сымал,
Жыпар жыты аңкыган,
Көкүрөкө бек кучактап,
Жыттоодон мен тартынам.

Көлдө сүзгөн  аккуу сымал,
Көрүнгөндө көзүмө,
Сенин сүйгөн көлүң болуп,
Келгим келди өзүңө
Мукам үндүү булбул сымал,
Таңдан кечке сайраган,
Сайрап турсаң сен жанымда,
Көңүл тынчып, жайланат.

Ай тараптан шоола сымал,
Сезилгендей өзүмө,
Сен ай болсоң, асман болуп,
Бергим келди өзүңө,
Жүрөктөгү каным сымал,
Бүт денемди ээлеген,
Бул жашоодо мага кымбат,
Жалгыз сүйүү сен белең.

Comments