Сардал кыз

Artist: Нурмат Садыров (Кыргыз тили)
User: Шамиль Ганиев
Duration: 210 seconds
Delay: 12 seconds
Chord names: Not defined
Abusive:
Comment: -

URL

Uploaded:
March 4, 2023, 9:19 PM
Get it on Google Play

Text

 E               A
Ак Сардал кыз, Сардал кыз,
Сен да жалгыз мен жалгыз.
Берейин десем мал таңгыс,
Бере албадым, Сардал кыз.
Өтүгүңдүн өкчүүсү,
Кылдан бекен Сардал кыз.
Экөөбүздүн ортобуз,
Зымдан бекен Сардал кыз.

Өтүгүңдүн өкчүүсү,
Кылдан бекен Сардал кыз.
Экөөбүздүн ортобуз,
Зымдан бекен Сардал кыз.

Көк боз аттын куйругу да,
Күмүш десем кылга окшойт.
Экөөбүздүн ортобуз,
Күнчүлүк десем айга окшойт.
Ак боз аттын куйругу,
Алтын десем кылга окшойт.
Экөөбүздүн ортобуз,
Айчылык десем жылга окшойт.

Ак боз аттын куйругу,
Алтын десем кылга окшойт.
Экөөбүздүн ортобуз,
Айчылык десем жылга окшойт.

Көк өгүздү кубалап мен,
Оолукканмын, Сардал кыз.
Көк белестин жанынан,
Жолуккамын, Сардал кыз
Ак өгүзүм кубалап,
Оолукканмын, Сардал кыз.
Ак белестин жанынан,
Жолукканмын, Сардал кыз.

Ак өгүзүм кубалап,
Оолукканмын, Сардал кыз.
Ак белестин жанынан,
Жолукканмын, Сардал кыз.

Кашка суулуу булактан, 
Суу аласың, Сардал кыз.
Карала да моюн катардай,
Чубаласың, Сардал кыз.
Ак мөңгүлүү дайрадан,
Суу аласың , Сардал кыз.
Ашыктыгым ансайын,
Бураласың , Сардал кыз.

Ак мөңгүлүү дайрадан,
Суу аласың , Сардал кыз.
Ашыктыгым ансайын,
Бураласың , Сардал кыз.

Ак мөңгүлүү дайрадан,
Суу аласың , Сардал кыз.
Ашыктыгым ансайын,
Бураласың , Сардал кыз.

Comments