А өмүр зымырайт

Artist: Асылбек Өзүбеков (Кыргыз тили)
User: Nurlan Borubaev
Duration: 130 seconds
Delay: 12 seconds
Chord names: Not defined
Abusive:
Comment: -

URL

Updated last time:
Nurlan Borubaev,
January 29, 2023, 3:04 PM
Get it on Google Play

Text

Мен сага туш болуп,

Көңүлүм куш болуп, 

Чарк айланам канат дирилдей... 
Күндөрүм - түндөргө,
Түндөрүм - күндөргө
Алмашылды көзгө илинбей...

Турмуштун сырын айт,
Ташбака кыбырайт,
А өмүр зымырайт, зымырайт, зымырайт.

Шашылбайт ташбака,
Эс алат чарчаса,
А өмүр зымырайт, зымырайт, зымырайт. 

Сагынтып кээде сен, 

Ардагым келбесең,

Кантип өмүр жайнайт, гүл ачып?

Санаймын күндөрдү, 
Санаймын түндөрдү,
Өчөшкөнсүп, өтпөйт убакыт.
 
Кыялым алкынат, 
Теминем камчылап,
А өмүр кыбырайт, кыбырайт, кыбырайт.

Өңү да өзгөрүп, 
Ташбака көздөнүп,
А өмүр кыбырайт, кыбырайт, кыбырайт.
 
Үмүттөй түнөрүп, 
"Кош", - десем, "түбөлүк",
Билбей калдым, неден жаңылгам.
Жүрөктүн өртү жок,
 
Дүйнөнүн көркү жок,

Жандап өтөт мезгил жанымдан.

Аппак таң аткансыйт,

Күн деле баткансыйт,

А өмүр токтогон, токтогон, токтогон.
 
Билсе да ташбака,
Кыбырайт ташбака,
А өмүр ташыркап токтогон, токтогон...

(Бул саптар издөө системалары аркылуу
табуу үчүн кошулду: Кыргыз, кыргызча ыр,
ырлар, ырлары, гитара менен, ырларынын,
тексти, сөздөрү, ырлардын аккорддору,
акорддор, аккорд, аккорду, акорду, акорд,
акорддору, гитарада, аккорддор, сөзү,
сөздөр, текст, тексттери,
аккорды на кыргызские, киргизские,
кыргызских, киргизских песен, тексты,
слова на кыргызском, киргизском, разбор, на гитаре)

Comments

March 26, 2023, 7:41 PM
салам алейкум, сары ой атту ырга аккордторун разбор кылып сайтка киргизип койсонуз сонун болот эле)