Artist: | Бегимай Бекбоева (Кыргыз тили) |
User: | inash azim инаш азим |
Duration: | 130 seconds |
Delay: | 12 seconds |
Chord names: | Not defined |
Abusive: | |
Comment: |
Бегимай Бекбоева "Атама" Сөзү : И.Кадыровдуку Обону : Д.Кыдыковдуку |
Dm Gm Dm A7
Dm Gm
Түшүмө кирдиң түндө,
A7 Dm
Күмүш чал чабдар атчан.
Dm Gm
Калыпсың бир аз жүдөп,
A7 Dm
Чачыңды буурул баскан.
Dm A7
Болдубу алда неме,
A7
Жүдөдүң анча неге?
Dm Gm
Аттиң ай, жашайт тура.
A7 Dm
Беш миң жыл арча деле.
Кайырма:
Dm Gm
Мүмкүн сен болот элең,
C F
Абышка аппак сакал.
Dm Em
Ызаттап, калк кадырлап,
A7 Dm
Ар сөзүң болуп макал.
Уулуңдун уулун көрүп,
Турбадың мээрим төгүп.
Ошону эстегенде,
Чиркин ай, жүрөктү оюп.
Түшүмө кирчи дагы,
Кайраттуу мурункудай.
Жүрөктө жүрчү дайым,
Эч качан унутулбай.
Кайырма:
Сага арнап, сени эскерип,
Эч нерсе жасай албай.
Тек гана жүрөм эстеп,
Атаке, атакебай.
Түшүмө кирдиң түндө,
Күмүш чал чабдар атчан.
Калыпсың бир аз жүдөп,
Чачыңды буурул баскан.
Болдубу алда неме,
Жүдөдүң анча неге?
Аттиң, ай, жашайт тура,
Беш миң жыл арча деле.