Гөзал кыз

Artist: Султан Садыралиев (Кыргыз тили)
User: Nurlan Borubaev
Duration: 130 seconds
Delay: 12 seconds
Chord names: Not defined
Abusive:
Comment: -

URL

Uploaded:
February 5, 2020, 11:22 AM
Get it on Google Play

Text

Плеймаркеттен "Песни под гитару Rus"
программасын орнотуп алыңыздар,
бул ырлар ошол программага киргизилген.
(Бул саптар издөө системалары аркылуу
табуу үчүн кошулду: Кыргыз, кыргызча ыр,
ырлар, ырлары, гитара менен, ырларынын,
тексти, сөздөрү, ырлардын аккорддору,
акорддор, аккорд, аккорду, акорду, акорд,
акорддору, гитарада, аккорддор, сөзү,
сөздөр, текст, тексттери,
аккорды на кыргызские, киргизские,
кыргызских, киргизских песен, тексты,
слова на кыргызском, киргизском, гитаре)
Барпы

intro  Gm Cm  D#  D 
       Gm Cm  D#  D  G 
 G
Ар ким айтат сүйгөнүн,
 F
Акылына түйгөнүн.
 Em                 Am
Ашык бир болуп жете албай,
 D
Арасат күндө жүргөнмүн.
 G
Мен дагы айтып берейин,
 F
Ашыктыктан бир сабак.
 Em                    Am
Дак салдың ууз жүрөккө да 
 D                   G
Дарт, из, Гүзал, ак тамак.
 Gm
Күрдөлүү жаштын иши экен,
 Cm
Күсөдүм сүйүү чарбагын.
 D#                Cm
Аманат жанга белек деп мен,
 D
Ашыктык гүлүн кармадым.
 Gm                   D#
Ана ошол гүлдү беришке мен 
 Cm
Гүзалды издеп барганмын,
 D#                 C
Булактан көрүп чак түштө,
 D                       G
Мен булбулдай абаз салганмын.

Көрдүм далай урууну,
Кечтим дайра - улууну.
Издеп бир келдим, Гүзал кыз,
Ышкыдар сендей сулууну.
Тааныбайсың сен мени,
Тарпи кылат эл сени.
Таанышалың ушул жерден,
Тартиптүү, Гүзал, кел бери.
Кыйланы көрдүм кыдырып,
Кара-Суу менен Чарбактан.
Каш-кирпигиң төгүлүп,
Карасаң кумар таркаткан.
Көкүрөккө өрт коюп,
Көк-жылдызын саматкан.
Жана да көптү көрмөкмүн мен,
Жаралган болсом канатчан.

Кал, калыңдан калыңдан,
Кайкалап бүткөн далыңдан.
Безеленген белиңден, ай,
Беш талдап өргөн чачыңдан.
Чачың көлдүн камышы,
Өзүңүздү сурасам, ай,
Эмгектүү элдин калысы.
Сураганым себеби,
Сүйбөй бир киши келеби?
Сыпайынын жайында, ай,
Билбей бир киши келеби?
Зыяда болсоң, кулак сал, ай,
Зарымды угуп гүлүмдү ал.
Керек болсо, Гүзал кыз, сен,
Көрө турган күнүмдү ал.

Караңгыда жол бассаң,
Чырагың болуп жүрөйүн.
Күнүгө келип суу алчу,
Булагың болуп жүрөйүн.
Кайда барсаң жаныңда мен,
Ынагың болуп жүрөйүн.
Жашырбастан ачык айт,
Эмне болсо оюңда,
Жүрөгүнөн илинген, ай,
Туткунуң менмин торуңда.
Кыйнасаң да өзүң бил,
Сыйласаң да өзүң бил, эй,
Тагдырым сенин колуңда.

Comments