Сага

Artist: Өмүрбек Андарбеков (Ома) (Кыргыз тили)
User: Nurlan Borubaev
Duration: 130 seconds
Delay: 12 seconds
Chord names: Not defined
Abusive:
Comment: -

URL

Uploaded:
November 20, 2019, 4:53 AM
Get it on Google Play

Text

Жер кыдырган желден сурап дарегиң,
Күткөн жүрөктүн бүтпөс муңу бар.
Жалгыз сени издеп келет карегим,
Сагынычымдын сүйүү ыры бар.

Кайырма:
Баары, баары сага, бир сага, сага,
Байлап жанымды бакыт каалайын.
Жана сага, бир сага, сага,
Жалындап күйүп, жылдыз болуп жанайын.

Бийиктеги Алтын казык сен болуп,
Ойлорум сага, сага байланат.
Таңды дайым тосуп чыккан жел болуп,
Жүрөйүн жалын жүзүң аймалап.

Кайырма:
Чырактай менин сүйүүм,
Булактай менин сүйүүм.
Жалындай жүрөлүчү,
Биз эгиз жылдыздай.

Comments