Сен өчпөйсүң сезимден

Artist: Хабибилла Азреткулов (Кыргыз тили)
User: Nurlan Borubaev
Duration: 130 seconds
Delay: 12 seconds
Chord names: German (B->H)
Abusive:
Comment: -

URL

Updated last time:
Nurlan Borubaev,
May 20, 2019, 8:29 AM
Get it on Google Play

Text

intro  C F C Dm Gm C A Dm Bb A 

 Dm              Gm     C      F
Айланчыктап сени көргөн кезимден,
 Dm         Gm       (Bb)     A  Dm
Ай-жылдызды карачумун көзүңдөн.
      C              F
Ал ансайын ала качып карегиң,
 Dm        Gm    (Bb)     A  Dm
Атаганат ошондогу көз ирмем.

 Dm                  Gm 
Жылдар өтөт, жылдыз өчөт
 (Bb)        G  C        F
Жаштык өтөт, жалын өчөт,
 Dm       (CG      A         Dm
Жалгыз гана, сен өчпөйсүң сезимден.

Эгер эркем чыгарбасаң эсиңден,
Эреркегем эргүү алып өзүңдөн.
Элесимде элесиңе эркелеп,
Эми минтип эт жүрөгүм эзилген.

Жылдар өтөт, жылдыз өчөт
Жаштык өтөт, жалын өчөт,
Жалгыз гана, сен өчпөйсүң сезимден.


Болочоктун бак-таалайы сезилген,
Бото көзүм бой эргиткен сөзүңдөн.
Боздогонум билсе билер бир гана,
Ботосунан ажыраган боз инген.

Жылдар өтөт, жылдыз өчөт
Жаштык өтөт, жалын өчөт,
Жалгыз гана, сен өчпөйсүң сезимден.

Comments