Барам сага

Artist: Мирбек Атабеков (Kyrgyz)
User: Nurlan Borubaev
Duration: 130 seconds
Delay: 12 seconds
Chord names: Not defined
Abusive:
Comment: -

URL

Uploaded:
June 20, 2019, 11:52 AM

Text

 Am      F          (C)     Dm
Мөлтүрөп бүлдүркөндөр бышкан кезде,
                    Am
Асманга бүркүт шаңшып учкан кезде.
                       F      E
Cаамайларын cеңселткен ак кайыңдар,
 Am              E
Самашып сагынычымды,
 Dm             (F  CAm    E         
Самашып сагынычымды уккан кезде,
 F     E   Am
Барам сага.



Шоолалар кирпигиңди өпкөн кезде,

Ак жамгыр нөшөрлөтө төккөн кезде.

Кубарып кусалыктан ак жүзүбүз,

Көп күндөр арабыздан,

Көп күндөр арабыздан өткөн кезде,

Барам сага.



Ширесин карагаттар чачкан кезде,

Ажарын жоогазындар ачкан кезде.

Кучактап бейкутчулук түн коюнун,

Күн нуру уясына,

Күн нуру уясына баткан кезде,

Барам сага.



Гүлдөргө аарыларың конгон кезде,

Бал чөбүн Ой-Алманын соргон кезде.

Алгачкы биз жолуккан кечтегидей,

Алтын ай асмандагы,

Алтын ай асмандагы толгон кезде,

Барам сага, барам сага.

Плеймаркеттен "Песни под гитару Rus"        
программасын орнотуп алыңыздар,         
бул ырлар ошол программага киргизилген.       
(Бул саптар издөө системалары аркылуу        
табуу үчүн кошулду: Кыргыз, кыргызча ыр, ырлар,        
ырлары, гитара менен, ырларынын, тексти, сөздөрү,       
ырлардын аккорддору, акорддору, гитарада,         
аккорды на кыргызские, киргизские,        
кыргызских, киргизских песен,          
на кыргызском, киргизском, гитаре). 

Comments