Эсен бол (Карындашым)

Artist: Бек Исраилов (Кыргыз тили)
User: Nurlan Borubaev
Duration: 130 seconds
Delay: 12 seconds
Chord names: Not defined
Abusive:
Comment: -

URL

Uploaded:
June 11, 2019, 10:38 AM
Get it on Google Play

Text

 Fm                Bm     C
Көп кыздын арасында өзүң гана,
 Fm          Bm     Cm 
Көктөгү жанып турган Чолпон элең.
 Bm                  C
Кокустан кир жугузуп аламбы деп,
 Fm      Gm   C           Fm
Колумду тийгизгенден коркоор элем.



Көп кыздын арасында балбал жанып,

Көздөрүң жарык чачкан жакут эле,

Агай деп акак тишиң жаркыратып,

Мен үчүн бир жылмаюуң бакыт эле.



Сүйчү элем мөлтүр булак сезим менен,

Сезимди сездирбедим көзүм менен.

Тили жок махабатым ичте калды,

Дүйнөдө ким бар дейсиң өкүнбөгөн...



Жаш кезде кимдер гана жаңылбасын...

Жанымда жок болсоң да жанымдасың...

Эңсесем эми сени көрмөк кайда,

Эсен бол кайда жүрсөң карындашым.

Comments